Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катар кайрымдуулук уюмунун (Qatar Charity) долбоорлор боюнча Аткаруучу директору Фейсал Рашид Аль-Фехайда менен жолугушуу өткөрдү

7212

2019-жылдын 27-ноябрында Доха шаарында, кыргыз кыргыз тарабынын демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катар кайрымдуулук уюмунун (Qatar Charity) долбоорлор боюнча Аткаруучу директору Фейсал Рашид Аль-Фехайда менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар Катар кайрымдуулук уюму (Qatar Charity) аркылуу Кыргыз Республикасында техникалык жана гуманитардык жардам берүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулашты.

Элчи Ч.Эшимбеков Катар кайрымдуулук уюмуна (Qatar Charity) өлкөдөгү бир нече актуалдуу социалдык маселелерди чечүүгө багытталган жардамына ыраазычылык билдирдип, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков жарыялаган «2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүүнүн» алкагында өлкөнүн алыскы аймактарында социалдык мекемелерди куруу жана жергиликтүү калктын аярлуу катмарына жардам берүү багытында биргелешкен иш-аракеттерди улантууну сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары менен биргеликте ар түрдүү кайрымдуулук долбоорлорду ишке ашыруу жана өз ара сапарларды уюштуруу макулдашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK