Кыргыз компаниялары Эл аралык “Сук Вакиф 2020” бал көргөзмө-жармаңкесине катышып жатышат.
Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилигинин жардамы менен кыргыз балын өндүрүп жана аны экспорттоочу «GIMNILI», "Маңыз", "Balary, “Kyrgyz Honey” жана “Nocturne” компанияларынын өкүлдөрү Доха шаарында үстүбүздөгү жылдын 30-январынан тартып өтүп жаткан жана 8-февралга чейин улануучу Эл аралык “Сук Вакиф 2020” бал көргөзмө-жармаңкесине катышып жатышат.
Аталган иш-чара Катар Мамлекетинин Соода жана өнөр жай министрлиги жана Муниципалитеттер жана айлана чөйра министрлиги тарабынан уюштурулуп жатат. Иш-чарага 37 өлкөдөн келген 150 компания катышып жатат.
Кыргыз Республикасынын атынан келген катышуучулар, көргөзмөнүн конокторунун арасында популярдуулукка ээ болгон ар түрдүү бал сортторун көрсөтүштү.