2020-жылдын 4-октябрындагы КРнын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу жарандарга кулактандыруу

5133

Урматтуу мекендештер,

2020-жылдын 4-октябрындагы КРнын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоого катышуу боюнча дагы бир ирет эскертебиз.

Биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана Элчиликтин консулдук каттоосуна турган жарандар № 9050 (КРнын Катардагы Элчилиги) шайлоо участогундагы шайлоочулардын тизмесине киргизилди.

Шайлоочулардын тизмесинен өзүңүздөрдү табуу үчүн төмөндөгү шилтеме аркылуу аты-жөнүңүздөрдү жазып текшерип көрүңүздөр:

https://tizme.gov.kg/view/public/tik_list_public.xhtml

Урматтуу мекендештер, ким буга чейин консулдук каттоого турган эмес болсо, (2020-жылдын 19-сентябрына чейин) ыкчам түрдө Элчиликке +974 50667001 ватсап номерине жазып, консулдук каттоого туруунуздарды өтүнөбүз.

Эскертүү: Тажрыйба көрсөткөндөй, кээ бир жарандар шайлоо күнү консулдук каттоого жана тиешелүү шайлоочулардын тизмесине кирбей туруп, шайлоо участогуна келип алышат. Ушуга байланыштуу, шайлоо күнү шайлоо участогуна келип, өзүңүздөрдү тизмеден таппай калбаш үчүн, азыртадан камданып тизмеге кирүүгө аракет кылыңыздар.

Баардык суроолор боюнча Элчиликке +974 50667001 ватсап номери же kgembassyqa@gmail.com почтасы аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK