Элчи Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетинин Тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Султан бин Саад ал-Mурайхи мырза менен жолукту

4905

Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында Доха шаарында, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетинин Тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Султан бин Саад ал-Mурайхи мырза менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Ч.Эшимбеков Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин Катар Мамлекетинин Премьер-министринин орун басары, Тышкы иштер министри Шейх Мохаммед бин Абдулрахман Аль-Таниге даректелген катын тапшырды. Андан тышкары, кыргыз-катар кызматташтыгынын ар кандай тармактардагы абалы жана келечеги, анын ичинде буга чейин жетишилген келишимдерди иш жүзүнө ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Элчи Ч.Эшимбеков маектешине Кыргыз Республикасындагы учурдагы ички саясий кырдаал жөнүндө маалымат берип, өлкөдөгү кырдаал турукташып, укуктук талаада саясий процесстер өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK