Кыргыз Республикасы менен Мажаристандын үрөн өстүрүүчүлөр ассоциацияларынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

1332

2022-жылдын 17-майында Мартонвашар шаарында (Венгрия) Кыргыз Республикасы менен Мажаристандын үрөн өстүрүүчүлөр ассоциацияларынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү. Аталган макулдашууга кыргыз тараптан Кыргызстандын үрөн өстүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Абдухаким Исламов, мажаристан тараптан Мажаристандын үрөн өстүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Такач Геза кол коюшту. Макулдашууга кол коюу аземине Мажаристандын айыл чарба министри Иштван Надь, Кыргыз Республикасынын Мажаристандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков жана ФАО өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Министр Иштван Надь өз сөзүндө Мажаристандын үрөн өндүрүүчүлөрү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн генетикалык модификациясын колдонбой, салттуу селекция аркылуу өсүмдүктөрдүн сортторун жакшыртууну улантып жатканын баса белгиледи. Кыргыз Республикасы КМШда биринчилерден болуп өсүмдүк өстүрүү боюнча ФАОнун бардык стандарттарын кабыл алганын айтты. Келишимге кол коюу эки өлкөлөрдүн ортосундагы айыл чарба тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондой эле КРнын Мажаристандагы элчиси Т.Кушчубеков Мажаристандын айыл чарба министри И.Надь менен жолугушуп, анда Европа өлкөлөрүнө Кыргызстандын төө буурчактарын, балын жеткирүүнү, Кыргызстанда эт-сүт фермаларын жана айыл чарба продуктыларын кайра иштетүү өндүрүшүн түзүүнү, ошондой эле биргелешкен үрөн чарбаларын уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK