2023-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчиси Талантбек Кушчубеков Мажарстандын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы ишетер министрлигинин билим берүү, стипендиялык программалар ошондой эле илимий дипломатия боюнча мамлекеттик катчысынын орун басары Миклош Лендьель менен жолугушту.

271

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Мажарстандын билим жана илим тармагындагы эки тараптуу кызматташуусу, анын ичинде кыргызстандык студенттердин жыл сайын “Stipendium Hungaricum” программасына катышуусу талкууланды.

Элчи Т.Кушчубеков билим берүү тармагындагы эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерге, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы бул өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн келечеги жана пландарына кыскача токтолду.

Мындан тышкары, тараптар 13-14-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Мажарстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында, Будапешт шаарындагы  ректорлордун биринчи кыргыз-венгр конференциясынын жыйынтыктарын канааттануу менен жыйынтыкташты

Тараптар Кыргызстан менен Мажарстандын билим берүү тармагындагы кызматташуусун тереңдетүүгө багытталган биргелешкен ишти улантууга макулдашышты жана эки тараптуу кызматташуунун бардык деңгээлдеринде байланыштардын жогорку динамикасын сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK