2023-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчиси Талантбек Кушчубеков Обуда университетинин ректору Левенте Ковач менен жолугушту

235

2023-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчиси Талантбек Кушчубеков Обуда университетинин ректору Левенте Ковач, Обуда университетинин проректору Андраш Молнар, Обуда университетинин билим берүү боюнча проректору, Борбор Азия боюнча эл аралык координатору Моника Погацник жана Обуда университетинин Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Виктория Трофернер-Гуляш менен жолугушту.

Жолугушууда Элчи Т.Кушчубеков билим берүү тармагындагы эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерине, анын ичинде кыргызстандык студенттердин «Stipendium Hungaricum» программасына катышуусуна кыскача токтолду. Элчи Т.Кушчубеков ошондой эле КР Энергетика министрлиги менен Обуда университетинин ортосундагы энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлганын кубаттады.

Мындан тышкары, кыргыз дипломаты ушул жылдын 12-14 февралында Будапештте Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Мажарстанга болгон расмий сапарынын алкагында өткөн ректорлордун Биринчи кыргыз-мажар конференциясынын жыйынтыгын канааттануу менен белгиледи. Элчи Т.Кушчубеков кыргыз тараптын Кыргызстан менен Мажарстандын университеттер аралык кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

Өз кезегинде Обуда университетинин ректору Л.Ковач университеттин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын жыйынтыктары менен бөлүштү, анын жүрүшүндө Кыргызстандын ЖОЖдорунун ректорлору, Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Т.Ибраев менен жолугушуу өткөрүлдүгүн билдирди.

Андан ары Элчи Т.Кушчубеков Обуда университетинде билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушуп, чогулгандарга кыргыз-мажар мамилелеринин азыркы абалы жана өнүгүү келечеги тууралуу айтып берди, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүү аспектилерине кыскача токтолду. Мажарстанда окуп жаткан студенттердин турмушундагы актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK