2024-жылдын 6-7-июнунда Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчилиги Мажарстандын ЖОЖдорунда билим алып жаткан кыргызстандык студенттер үчүн Мажарстандын Улуттук ассамблеясынын Вице-спикери Ш.Лежактын чакыруусу менен Лакителек Элдик институтуна эки күндүк саякат уюштурулду.

379

2024-жылдын 6-7-июнунда Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчилиги Мажарстандын ЖОЖдорунда билим алып жаткан кыргызстандык студенттер үчүн Мажарстандын Улуттук ассамблеясынын Вице-спикери Ш.Лежактын чакыруусу менен Лакителек Элдик институтуна эки күндүк саякат уюштурулду.

Эки күндүк иш-чаранын расмий ачылышынын алкагында кыргызстандык студенттерди Мажарстандын Улуттук ассамблеясынын Вице-спикери Ш.Лежак, КРнын Мажарстандагы элчиси Т.Кушчубеков жана Мажарстандын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер минстрлигинин спорт дипломатиясы боюнча кеңешчиси Гор-Надь куттукташты.

Мажарстандын Улуттук ассамблеясынын Вице-спикери Ш.Лежак Мажарстан өз ара ишеним жана бири-биринин кызыкчылыктарын урматтоо принциптеринде Кыргызстан менен боордош мамилелерди сактоого жана тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Ш.Лежак Кыргыз Республикасы менен Мажарстанды тарыхый, географиялык, маданий тамырлар байланыштыраарын билдирди, бул албетте достук мамилелерди кеңейтүү жана бекемдөө үчүн өбөлгө болууда.

Элчи Т.Кушчубеков куттуктоо сөзүндө Мажарстандын Улуттук ассамблеясынын Вице-спикери Ш.Лежакка өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы жана Кыргызстандан келген студенттерди Лакителек Элдик институтуна келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Элчи кыргыз тарап эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде “Stipendium Hungaricum” стипендиялык программасынын алкагында мындан ары да бекемдөө үчүн бардык чараларды көрүп жатканын баса белгиледи.

Эки күндүк иш-чаранын алкагында Лакителек Элдик институту Мажарстандын тарыхы жана маданияты боюнча таанышуу лекцияларын, ошондой эле Лакителек комплекстинде маданий экскурсияларды уюштурду. Өз кезегинде студенттер Кыргызстан тууралуу презентация, ошондой эле иш-чаранын коноктору жана катышуучулары үчүн концерттик программа тартуулашты.

Элчилик Мажарстандын Улуттук жыйынынын Вице-спикери Шандор Лежак мырзага жана Вице-спикердин Катчылыгынын башчысы Ю.Кишфалуди-Бак айымга бул иш-чараны өткөргөндүгү үчүн тереӊ ыраазычылык билдирет. Бардык студенттерге активдүү катышкандыгы үчүн дагы өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK