2022-жылдын 28-апрелинде Римде (Италия) онлайн режиминде Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылынын ачылыш аземи болуп өттү.

1517

2022-жылдын 28-апрелинде Римде (Италия) онлайн режиминде Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылынын ачылыш аземи болуп өттү.

Маалымат үчүн: Кыргызстандын демилгеси менен                             2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын                      76-сессиясынын жүрүшүндө 2022-жылды «Туруктуу тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыялоо боюнча резолюция кабыл алынган. Аны БУУга мүчө бардык мамлекеттер бир добуштан кабыл алышты. Анын демөөрчүсү катары 93 мамлекет катышкан.

Салтанатка 361 катышуучу, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Башкы директору Цюй Дюнъюй, тышкы иштер министрлери жана тоолуу өлкөлөрдүн (Андорра, Бутан, Уганда, Доминикан Республикасы, Непал жана Швейцария) тиешелүү ведомстволору катышты. БУУнун баш катчысы Атонио Гутерриштин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу окулду, ошондой эле БУУнун Башкы ассамблеясынын төрагасы Абдулла Шахид менен Жашыл климаттык фонддун аткаруучу директору Янник Глемаректин видео кайрылуулары көрсөтүлдү.

Иш-чаранын конокторун Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тосуп алды. Ал өзүнүн видеокайрылуусунда Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын дүйнөлүк аренада ырааттуу түрдө алдыга жылдырып келе жатканын белгиледи. Президент тоолуу өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрүн 2021-жылдын сентябрь айында БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында, 2021-жылдын октябрь айында Куньмин шаарында өткөн БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк боюнча конвенциясынын тараптарынын конференциясында, 2021-жылдын ноябрында Глазгодогу Климат саммитинде жана 2022-жылдын апрелинде Японияда Азия жана Тынч океан Суу саммитинин 4-сессиясында кеңири көтөргөнүн айтты. Кыргыз Республикасынын Президенти бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кыргызстанда 2022-жыл Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы деп жарыяланганын баса белгиледи.

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерреш жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагасы Абдулла Шахид тоолуу аймактардын дүйнө жүзүндөгү жамааттардын жашоосу үчүн маанисин баса белгилешти. Алар тоолор суунун булагы, демек жашоонун, таза энергиянын булагы, ошондой эле флора жана фаунанын уникалдуу түрлөрү жашаган аймак экенин белгилешти. Ошол эле учурда глобалдык жылуулуктун шартында тоо жамааттарынын жана экосистемаларынын алсыздыгына өзгөчө көңүл бурулду. Бул контекстте алар тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча демилгелерди илгерилетүүдөгү Кыргыз Республикасынын ролун баса белгилешти.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова онлайн режиминде катышып, Кыргыз Республикасынын тоо демилгелерине токтолуп, тоолуу аймактардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды.

Салтанаттын катышуучулары тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүн чечүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүү жана аялуу экосистемаларды коргоо жана тоолуу элдердин туруктуулугун жогорулатуу боюнча глобалдык милдеттенмелерди илгерилетүү зарылдыгын белгилешти.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK