Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2021-жылдын 24-майындагы маалыматтык билдирүүсү

2975

Жалпыга маалымдоо каражаттарында орун алып жана  социалдык  тармактарда тарап жаткан Сауд Арабияда  жашап  жаткан  Кыргыз  Республикасынын жараны Д.А. үй-бүлөлүк зомбулукка душаар болуп жаткандыгына байланыштуу жардам сурап кайрылган видеосу боюнча Кыргыз Республиксынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы Элчилиги төмөндөгүнү билдирет.

Элчилик аталган видео кайрылуу тараганга чейин Д.А. жашаган  жериндеги  (колдо болгон маалыматка ылайык, Даммам облусу, Аль-Хобаршаары,  Азизия району, Аль-Хамра) полиция башкармалыгына аталган  маселеге  карата чоожайыниликтеп тийиштүү  маалымат алуу,  жардам  көрсөтүүжана  жаран Д.А. менен байланыш түзүүгө көмөк көрсөтүү  өтүнүчү  менен  расмий кат  жолдоо мененбирге  телефон  аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

​Аталган маселенин чоожайын кошумча тактоо максатында, Элчиликтин  консулдук кызматкери 2021-жылдын 22-23-майларында Азизия райондук ички  иштер бөлүмүнө барып, анын алкагында Д.А. жана анын жолдошу менен биргеликте ички иштер бөлүмүнө чакырылып, Элчиликтин консулдук кызматкеринин  көз алдында алар менен сүйлөшүү жүргүзүлдү.

​Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында, Д.А. жана анын жолдошунун жүйөлөрүнүн  негизинде райондукички иштер башкармалыгынын жооптуу кызматкери тарабынан кайрадан иш түзүлүп, райондун тийиштүү компетенттүү  органдарына андан ары кароо үчүн жөнөтүлдү.

​Д.А. үйүнө кайтууну каалабагадыгын эске алып, Элчилик Аль-Хобар шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын  жана Д.А. тааныштарынын жардамы менен аны жергиликтүү компетенттүү  органдар тарабынан жогорудагы маселени кароо жана чечүү убагында  өзүнчө бир үй-бүлөгө убактылуу жайгаштырууга көмөк көрсөттү.

​Аталган иш сот органдарында адвокаттарды тартуу менен каралат.

Элчилик жергиликтүү бийлик органдары менен, ошондой эле Д.А. менен байланышта болуп, өз компетенциясынын алкагында маселени көзөмөлдөп турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK