Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Каирде жашаган мекендештер менен жолугушту

1594

2021-жылдын 8-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Египет Араб Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Каир шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары А.Артыкбаев Египеттеги КРнын жарандары дуушар болгон көйгөйлөр жана кыйынчылыктар менен таанышып, аларды мындан ары чечүү жолдорун талкуулады.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары белгилегендей, Кыргыз Республикасы менен Египет Араб Республикасынын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы Биринчи саясий кеңешменин жыйынтыгы менен бир катар маселелер, анын ичинде кыргыз жарандарынын консулдук-укуктук маселелерин чечүүдө жана эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны түрдүү чөйрөлөрдө кеңейтүүдө египет тараптын мындан аркы жардам берүүсү боюнча макулдашууларга жетишилди

Ал ошондой эле 2022-жылы КР менен ЕАРдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата эки өлкөнүн аймагында Маданият күндөрүн жана түрдүү иш-чараларды өткөрүү пландалып жатканын маалымдады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK