Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев башында турган кыргыз делегациясы Ислам Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлер Кеңешинин 48-сессиясында катышууда

1545

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев башында турган кыргыз делегациясы бүгүн Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарында «Биримдик, адилетүүлүк жана өнүгүү үчүн өнөктөштүк» деген ураан астында башталган Ислам Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлер Кеңешинин 48-сессиясында катышууда.

Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жана байкоочу өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери катышып жаткан Сессияны Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Имран Хан жетектөөдө.

ИКУнун тышкы иштер министрлер Кеңешинин 48-сессиясынын күн тартиби ислам дүйнөсүнүн салттуу маселелерин талкуулоого, дүйнөнүн ар кайсы бурчтарындагы мусулман коомчулугуна жана анын маданиятына колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле азыркы коомдун эл аралык терроризмге, экстремизмге, исламофобияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу көйгөйлөрүнө жана коопсуздук маселелерине арналган.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өз сөзүндө кризистик кырдаалды жөнгө салуу жана социалдык, экономикалык жана гуманитардык программаларды алдыга жылдыруу үчүн күчтөрдү консолидациялоо максатында эл аралык мамилелердин заманбап системасында дагы активдүү саясат жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи.

Министр Р.Казакбаев Уюмдун айрым мүчө мамлекеттеринде жана Украинадагы азыркы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди. Буга байланыштуу ал чыңалуунун курчушуна жол бербөө жана чыр-чатактарды саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салуу боюнча биргелешкен аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чаранын алкагында министр Р.Казакбаевдин Уюмга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтеринин башчылары менен да эки тараптуу жолугушуулары өтүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK