Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Бириккен Араб Эмираттарынын Мамлекеттик тышкы иштер министри Халифа Аль-Марар менен жолугушту

869

«Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши + Борбордук Азия» стратегиялык диалогунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаевдин Бириккен Араб Эмираттарынын Мамлекеттик тышкы иштер министри Халифа Аль-Марар менен жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар 2023-2027-жылдарга ПБАМКК+БА биргелешкен иш-аракеттер планын ишке ашырууга киришүү жана саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү боюнча ишти улантууга макулдашышты.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Президентинин ушул жылы БАЭге расмий сапарын даярдоо жана уюштуруу үчүн негиз түзүү максатында жакын арада ТИМдер аралык саясий консультацияларды өткөрүүнү чечишти.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду жогорку деңгээлде жүргүзүүгө макулдашышты жана ушуга байланыштуу Кыргызстандын Президенти С.Жапаров БАЭге жыл аягына чейин иш сапары менен барат.

Ошондой эле, Кыргызстанга “Мамлекеттик акселератор” эмират тажрыйбасын киргизүү жана БАЭ тарабынан Ысык-Көлдүн жээгинде жыл бою иштей турган заманбап эс алуу жайын куруу маселелери талкууланды.

Х.Аль-Марар БАЭнин ШКУга кирүү демилгесин колдоону суранды, ага Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасы эмират тарапты колдоого даяр экендигин белгиледи. Өз кезегинде Ж.Кулубаев БУУнун шайлануучу органдарынын алкагында Кыргызстандын талапкерлигин колдоону өтүндү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Ж.Кулубаев кыргыз тарап БАЭнин Кыргызстандагы элчилигинин ачылышын күтүп жатканын билдирди. Х.Аль-Марар эмират тарап бул маселеге чоң маани берерин жана БАЭ өкмөтү жакын арада оң чечим кабыл аларын баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK