Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Катар Мамлекетинин Вице-премьер-министри, Тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдурахман Аль Тани менен жолугушту

864

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Катар Мамлекетинин Вице-премьер-министри, Тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдурахман Аль Тани менен «‎Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши + Борбордук Азия» стратегиялык диалогунун алкагында жолугушту.

Катардын тышкы иштер министри Кыргызстанга 8 жыл мурун жасаган иш сапары тууралуу жылуу сөздөрдү айтты.

Эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө өз ара даярдыгын билдирип, тараптар кыргыз-катар күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде, ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, сооданы өнүктүрүү, түз авиа каттамдарды ачуу, БУУнун алкагында өз ара колдоо көрсөтүү жана башка маселелерди талкуулашты. Ошол эле учурда Ж.Кулубаев маектешин каалаган убакта Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Ошону менен бирге, М.Аль Тани Катардын Эмири Тамим Аль Тани келерки жылдын башында Кыргызстанга расмий иш сапары менен келүүгө ниеттенип жаткандыгын билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь-декабрь айларында Катар мамлекетинде футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты өткөрүүгө даярдык көрүүнүн алкагында Ж.Кулубаев катарлык тарапка ийгилик каалап, бул окуя Катар үчүн гана эмес, бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн тарыхый экенин белгиледи.

Маданий-гуманитардык кызматташтыктын алкагында Ж.Кулубаев катарлык тарапка Кыргызстанда заманбап ири оорукананын курулушуна көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жыйынтыгында тараптар дайыма байланышта болуп, пландарды ишке ашырууну улантууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK