Кыргызстандын Сауд Арабиядагы Элчиси Улукбек Марипов Эр-Рияд провинциясынын Губернатору Улуу Даражалуу Ханзаада Файсал бин Бандар Аль Сауд менен жолугушту

456

2023-жылдын 18-январында Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Эр-Рияд провинциясынын Губернатору Улуу Даражалуу Ханзаада Файсал бин Бандар Аль Сауд менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар 2022-жылы эки өлкөнүн аймагында болуп өткөн ар кандай деңгээлдеги эки тараптуу иш-чараларды канааттануу менен белгилешти. Өзгөчө атап айтканда тышкы иштер министрлеринин өз ара расмий сапарлары, ТИМдер аралык саясий кеңешмелер, парламенттер аралык достук топторунун сапарлары, Кыргыз-Сауд бизнес форуму, кыргыз товарларынын көргөзмө-жарманкеси, биргелешкен Кыргыз-Сауд кызматташтык комитетинин 3-чү жыйыны, анын ичинде САПтын жогорку даражалуу аскердик делегациясынын үстүбүздөгү жылдын январь айындагы Бишкек шаарына биринчи сапары.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууга, эки тараптуу туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө, өз ара жарманкелерди жана көргөзмөлөрдү өткөрүүгө, ошондой эле түз авиакаттамдарды ачууга өзгөчө көңүл бурушту.

Эки өлкөнүн ортосундагы кылымдар бою өнүгүп келе жаткан кызматташтыкты жана өз ара кызыкчылыкты эске алуу менен, Элчи У.Марипов жана Улуу Даражалуу Ханзаада Ф.Аль Сауд Бишкек жана Эр-Рияд шаарларынын ортосунда эки шаардын достугунун чыңдоосуна багытталган боордоштук байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Буга байланыштуу, Бишкек шаарынын Мэриясы менен Эр-Рияд шаарынын муниципалитетинин ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун илгерилетүү боюнча тыгыз ишти улантуу макулдашылды.

Жолугушуунун соңунда Элчи У.Марипов Бишкек шаарынын Мэринин атынан Эр-Рияд провинциясынын Губернатору Улуу Даражалуу Ханзаада Ф.Аль Саудду ага ыңгайлуу учурда Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK