2019-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышачылыгындагы Элчилиги Эр-Рияд жана Касым шаарларында жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары менен Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө 28-жыл жана Кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусу тууралуу Мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдык мааракесине байланыштуу жолугушуу болуп өттү.

3428

Жолугушуу учурунда Элчиликтин атынан Кеӊешчи Т.Турганбаев мекендештерди Эгемендүүлүк күнү менен жана Кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусу тууралуу Мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жыл толгону менен куттуктап, кыргыз-сауд мамилелери эки өлкөнүн бири-бирине болгон ишеними негизинде бекитилгенин жана Элчиликтин ишмердүүлүгүн, эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөөгө жүргүзүп жаткан иш аракеттер жана жакынкы пландарын айтып бериди.

Консул Ж.Кадырбаев өз кезегинде Элчиликтин Сауд Араб Падышачылыгында жашаган жарандардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо боюнча алып барып жаткан жумуштары тууралу маалымат берип кетти.

Мекендештерге 2019-жылы кыргыз элинин чыгаан инсандары Т.Усубалиевдин туулгандыгына 100-жыл, С.Каралаевдин 125-жыл жана Б.Сыдыковдун 80-жылдыгына карата расмий иш чаралары жөнүндө маалымат берилди.

  • 2019-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышачылыгындагы Элчилиги Эр-Рияд жана Касым шаарларында жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары менен Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө 28-жыл жана Кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусу тууралуу Мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдык мааракесине байланыштуу жолугушуу болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK