2023-жылдын 20-январындагы Элчиликтин пресс-релизи

490

20-январында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев КР ТИМ ККДнин директору Б.Акатаев жана ИИМдин Миграциялык кызмат комитетинин орун басары Т. Тахтанов менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда консулдук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды, атап айтканда, жолугушуунун жүрүшүндө Казакстанда үстүбүздөгү жылдын 27-январынан тарта ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына карата колдонула турган жаңы миграциялык эрежелерге өзгөчө басым жасалды.

Жогоруда аталган жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Д.Дюшекеев ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарынын болуу мөөнөттөрүн эсептөөнүн жаңы тартиби, болуу мөөнөттөрүн нөлгө түшүрүү практикасын жокко чыгаруу жана миграциялык чөйрөдөгү мыйзамдардагы башка жаңылыктар жөнүндө маалымат алды.

Ошол эле учурда, Казакстан Республикасына үзгүлтүксүз келип турган КР жарандарынын укуктук жүрүүсүнүн айрым маселелери боюнча казак тарап кошумча маалымат берүүгө убада берген.

Жолугушуунун жыйынтыгын жыйынтыктап жатып, тараптар ыкчам жооп кайтаруу жана келип чыккан маселелерди чечүү боюнча тыгыз байланышта болууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK