2023-жылдын 21-январындагы Элчиликтин пресс-релизи

434

21-январында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасында болуу эрежелериндеги алдыдагы өзгөртүүлөр тууралуу маалымдоо максатында диаспоранын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү, ал Казакстанда үстүбүздөгү жылдын 27-январынан тартып күчүнө кирет.

Ошентип, жолугушуунун жүрүшүндө диаспоранын өкүлдөрүнө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарынын болуу мөөнөттөрүн эсептөөнүн жаңы тартиби, болуу мөөнөттөрүн нөлгө түшүрүү практикасынын жокко чыгарылышы жана миграциялык чөйрөдөгү мыйзамдардын башка жаңылыктары тууралуу маалымат берилди.

Элчи Д.Дюшекеев мекендештерге жаңы миграциялык мыйзамдардын нормаларын жана эрежелерин сактоо жөнүндө маалымат берди, ошондой эле жүрүү тартибин Казакстан Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү сунушталды.

Мындай жолугушууну уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, диаспоранын өкүлдөрү Казакстан Республикасынын аймагында жүргөн мекендештердин арасында миграциялык каттоонун киргизилип жаткан эрежелери боюнча жеринде түшүндүрмөлөрдү өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун аягында тараптар Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштери боюнча координацияланган иш-аракеттерди жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK