Кыргыз Республикасынын Элчиси «The 12th Saemaul Day Ceremony» аземине катышты

2535

2022-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси А.Исмаилова «The 12th Saemaul Day Ceremony» аземине катышты. Бул иш-чарага Корея Республикасынын Премьер-министри Ким Бу Гём, чет мамлекеттердин элчилери жана «Сэмаыль Ундон» кыймылынын өкүлдөрү катышты.

«Сэмаыль Ундон» кыймылы Корея Республикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон улуттук программа. Мындан тышкары, «Сэмаыль Ундон» кыймылы БУУ жана башка көптөгөн эл аралык уюмдар тарабынан айылдарды өнүктүрүүнүн мыкты жана уникалдуу тажрыйбасы катары таанылган. Кыймылдын негизги принциби - калкты активдештирүү, аларды айылдын өнүгүүсүнө тартуу, күжүрмөн жана биргелешкен эмгек менен ийгиликтерге жетишүү.

Азыркы учурда «Сэмаыль Ундон» долбоорлору 9 өлкөдө илгерилетилип жатат: Кыргыз Республикасы, Лаос Элдик Демократиялык Республикасы, Чыгыш Тимор Демократиялык Республикасы, Мьянма Союзу Республикасы, Бурунди Республикасы, Уганда Республикасы, Папуа-Жаңы Гвинеянын көз карандысыз мамлекети, Фиджи Республикасы жана Гондурас Республикасы.

2016-жылы КР өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен Корея Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган, анын алкагында тараптар КР социалдык-экономикалык, маданий өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бул кыймылдын принциптерин ийгиликтүү ишке ашыруу жана адаптациялоо үчүн кызматташууну пландаштырууда.

2017-жылдан 2021-жылга чейин КР «Сэмаыль кыймылынын пилоттук айылы» долбоору ишке ашырылган. Бул долбоорго Чүй облусунун 4 айылы (Жайыл районунун Ак-Башат айылы, Сокулук районундагы Алыскы Арал айылы, Чүй облусунун Искра айылы жана Чүй облусунун Кош-Коргон айылы) катышты. Жыл сайын ар бир айылдан 4 активист-лидер тандалып алынып, Корея Республикасына лидерлик жана аймактарды өнүктүрүү боюнча тренингге чакырылган. Ошондой эле, коомчулуктун аң-сезимин көтөрүү, жашоо шартын жакшыртуу жана кирешесин жогорулатуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ар бир айылга жыл сайын 20,000 АКШ доллардан каражат бөлүндү. Жыйынтыгында 5 жылдын ичинде «Семайыл Ундон» кыймыл борборунун Академиясына 4 айылдан 100гө жакын жетекчилер (айыл өкмөт башчысы, айыл башчы жана айылдын активдүү лидерлери) чакырылып, алар лидерликке, коомчулукка жана региондук өнүгүүгө үйрөтүлгөн.

Бул долбоорду ишке ашыруу мезгилинде пилоттук айылдардын жашоочуларынын кирешесин жогорулатуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга жалпы суммасы 400,000 АКШ доллары өлчөмүндө каржылык колдоо бөлүнгөн. Ак-Башат айылында коомдук мончо реконструкцияланып, күнөскана курулуп, сүт-товар фермасы уюштурулган жана башка чакан долбоорлор ишке ашырылган. Мындан тышкары, төрт пилоттук айылдын ар биринде айылды өнүктүрүү боюнча өз кыймылы түзүлгөн жана кыймылдын активдүү мүчөлөрү бир айылдыктарды мезгил-мезгили менен «Сэмаыль Ундон» кыймылынын принциптери боюнча окутуп турушат.

Маалымат үчүн: «Сэмаыль Ундон» жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүү үчүн кыймыл дегенди билдирет, ал айыл тургундарына жана жергиликтүү жамааттарга тырышчаактык, өз алдынча жардам жана кызматташтык рухунун негизинде жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Бул кыймыл Корея Республикасында 1970-жылы түзүлгөн.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK