2022-жылдын 9-ноябрында Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчиси Талантбек Кушчубеков Мажарстандын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы ишетер министрлигинин билим берүү, стипендиялык программалар ошондой эле дипломатиялык илимий маселелер боюнча мамлекеттик катчысынын орун басары Миклош Лендьель менен жолугушту.

873

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Мажарстандын билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыгынын деңгээли тууралуу пикир алышты, ошондой эле келечектеги кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Т.Кушчубеков билим берүү тармагындагы эффективдүү өз ара эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги факторлорунун бири экенин айтып, буга байланыштуу кыргызстандык студенттердин жыл сайын «Stipendium Hungaricum» программасына катышуусун баса белгиледи. Ошондой эле, Элчи билим берүү тармагындагы эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерге кыскача токтолуп, кыргыз тараптын бул багытта активдүү биргелешкен ишке кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде М. Лендьель билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашырууда ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Мажарстандын билим берүү тармагындагы кызматташтыгын тереңдетүүгө багытталган биргелешкен иштерди улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK