Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата, ошондой эле Кыргызстандын Венгриядагы Маданият күндөрүнүн алкагында 2022-жылдын 10-августунда Будапешт шаарында Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы элчилиги тарабынан салтанаттуу кабыл алуу болуп өттү.

1099

Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата, ошондой эле Кыргызстандын Мажарстандагы Маданият күндөрүнүн алкагында 2022-жылдын 10-августунда Будапешт шаарында Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы элчилиги тарабынан салтанаттуу кабыл алуу болуп өттү.

Иш-чарага Мажарстандын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, чет мамлекеттердин элчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коомдук жана саясий ишмерлер, Кыргызстандын ишкер чөйрөлөрү жана достору, ошондой эле Будапешттеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандын Мажарстандагы маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышына катышуу үчүн Будапештке келген Кыргыз тараптан ардактуу конок Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.Жаманкулов болду.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө элчи Т.Кушчубеков конокторго Мажарстан менен эки тараптуу мамилелердин абалы жана келечеги тууралуу маалымат берди. Элчи Мажарстан Кыргыз Республикасынын Европадагы стратегиялык өнөктөшү болгон биринчи өлкө болгонун, учурда соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу долбоорлор ийгиликтүү жүрүп жатканын баса белгиледи.

Өз кезегинде Мажартсандын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча мамлекеттик катчысынын жаңы орун басары А.Штифтер Кыргызстан менен Мажарстандын кызматташтыгын жогору баалап, Кыргыз Республикасынын Венгриядагы биринчи маданият күндөрүн өткөрүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

Кеченин алкагында КР эл артисттеринин жана «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин катышуусунда майрамдык концерт тартууланды. Мындан тышкары, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн жана көркөм кол өнөрчүлүк чеберлеринин эмгектеринин көргөзмөсү көргөзүлдү.

Чакырылган коноктор Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалы тууралуу туристтик буклеттерди, брошюраларды алууга, ошондой эле улуттук кыргыз ашканасынын тамактарынан даам татышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK