2022-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мажаристандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү, башкы директорунун орун басары Владамир Рахманин менен жолугушту.

1092

2022-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мажаристандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү, башкы директорунун орун басары Владамир Рахманин менен жолугушту.

Элчи Т.Кушчубеков ФАОнун Башкы директорунун орун басары А.Рахманинге Кыргыз Республикасында айыл чарба, токой чарбасы жана балык өстүрүү тажрыйбасын өркүндөтүүдөгү үзгүлтүксүз жардамы, калктын дени сак тамактануусун жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу аракети үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргыз Республикасы менен Мажаристандын айыл чарба тармагындагы кызматташуусу эки тарапты тең кызыктырган приоритеттүү жана келечектүү багыттардын бири экени белгиленди. Жолугушууда Кыргыз Республикасына бодо малдын санын көбөйтүү үчүн сапаттуу уйларды жеткирүү, канаттуулардын гибриддерин инкубациялоо, тоют өндүрүү үчүн биргелешкен үрөн чарбаларын уюштуруу, жүгөрү менен буудайдын гибриддик сортторун өстүрүү, балык өстүрүү жана сут фермалары, бакма канаттуулар фермалары, балык чарбалары учун айыл чарба жабдууларын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн талкууланды.

Ошондой эле Бишкекте айыл чарбасы боюнча кыргыз-венгер экономикалык форумун өткөрүүгө пландаштырылган маселелер талкууланды. Форумду биргелешип уюштуруу жана өткөрүү чечими кабыл алынды.

Кызматташуунун алкагында Кыргыз Республикасы, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-чи сессиясындагы Кыргыз Республикасынын
2023-жылдан 2027-жылга чейин тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн беш жылдыгын жарыялоо демилгесине байланыштуу маселе талкуланды жана бул боюнча Башкы Ассамблеянын резолюциясына пландалып жаткан иш-чараларды бирге ашырууга ФАОнун мүмкүнчүлүктөрү каралып тийиштүү көмөк көрсөтүлүүсү суранылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK