2023-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы элчиси Талантбек Кушчубеков,Мажарстандагы Сегед университетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн проректору Петр Закар менен жолугушту.

342

2023-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы элчиси Талантбек Кушчубеков,Мажарстандагы Сегед университетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн проректору Петр Закар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, атап айтканда, Алтаистика факультетинин негизинде өз ара кызматташууну бекемдөөнү жана пландоону талкуулашты. Мындан тышкары, Stipendium Hungaricum стипендиялык программасынын алкагында, кыргызстандык студенттердин Сегед университетинде билим алуусуна өзгөчө көңүл бурулду. Студенттер менен болгон жолугушууда элчи Т.Кушчубеков, Кыргызстан жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы элчиликтин учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, өлкөлөр ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүү аспектилерине кыскача токтолду.

Иш сапарынын алкагында элчи Т.Кушчубеков, 1906-1909-жылдары профессор Принц Дюланын Кыргызстанга жасаган экспедицияларында тартылган сүрөттөр көргөзмөсү менен таанышты.

Кошумча маалымат: Принц Дюла, Тянь-Шань тоо кыркаларын, бийик тоолордун геоморфологиясын изилдеп, картага түшүргөн алгачкы окумуштуулардын бири болгон. Ал өзүнүн Кыргыз Республикасына болгон саякатында, мөңгүлөрдүн жалпы картасын түзүп, этнографиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн, жана өзүнүн саякат баяндамаларында Кыргыз Республикасынын жаратылышын кеңири баяндап жазган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK