Элчи Талантбек Кушчубековдун Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин эки тараптуу кызматташуу боюнча жаңы Мамлекеттик катчысы Богларка Ильеш менен жолугушту

212

2024-жылдын 18-июнунда Будапештте Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубековдун  Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин эки тараптуу кызматташуу боюнча жаңы шайланган Мамлекеттик катчысы Богларка Ильеш менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар стратегиялык учурдагы абалы жана өнүктүрүү келечеги тууралуу, ошондой эле Кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин жана Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйындарын өткөрүү маселеси талкуулашты.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иши жана “Stipendium Hungaricum” стипендиялык программасы боюнча пикир алмашышты.

Европарламентке жана жергиликтүү бийлик органдарына өткөн шайлоонун жыйынтыктарына, ошондой эле Венгриянын Европа Биримдик Кеңешине алдыдагы алты айлык төрагалыгына маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Өз кезегинде Мамлекеттик катчы Б.Ильеш өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө багытталган Кыргызстандын Венгриядагы Элчилиги менен биргеликте иш алып барууга даяр экендигин билдирди.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK