2021-жылдын 11-февралында Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгү "Туруктуу өнүгүүгө социалдык адилеттүү өтүү: санариптик технологиялардын социалдык өнүгүүдөгү жана бардыгынын бакубатуулугундагы санариптик технологиялардын ролу" аттуу күн тартибинин негизги темасына арналган БУУнун Социалдык өнүктүрүү комиссиясынын 59-сессиясынын ишине катышты

3984

2021-жылдын 11-февралында Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгү "Туруктуу өнүгүүгө социалдык адилеттүү өтүү: санариптик технологиялардын социалдык өнүгүүдөгү жана бардыгынын бакубатуулугундагы санариптик технологиялардын ролу" аттуу  күн тартибинин негизги темасына арналган БУУнун Социалдык өнүктүрүү комиссиясынын 59-сессиясынын ишине катышты.

Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева өз сөзүндө, Кыргыз Республикасы өлкөнүн элинин бакубатчылыгын туруктуу өнүктүрүү кепилдиги катары өлкөнүн социалдык өнүгүү маселелерине приоритеттүү маани берээрин белгиледи.

Миргүл Молдоисаева Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бул жаатта жүргүзүлүп жаткан иши, тактап айтканда, мамлекеттик башкаруунун, анын ичинде социалдык чөйрөнүн "санариптик трансформациясына" байланыштуу мамлекеттик социалдык кызматтарды көрсөтүүдөгү өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат берди. Мындан тышкары, социалдык кызматтарды санариптештирүү боюнча көрүлүп чаралар алынган социалдык кызматтардын даректүүлүгүн күчөтүүгө, маалымкаттарды алуу менен байланыштуу көйгөйлөрдү жоюуга, кызматтарды алуу убактысын кыскартууга жана башка көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жаткандыгы белгиленди.

Социалдык адилеттүүлүктү андан ары илгерилетүүдө жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөдө салым катары, Кыргыз Республикасынын демилгеси жана БУУга мүчө-мамлекеттердин кеңири колдоосу менен 2007-жылы Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнү түзүлгөндүгү белгиленди. Буга байланыштуу 2021-жылдын 23-февралында Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу Өкүлчүлүгү жана Эл аралык Эмгек Уюму менен бирдикте Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүнө карата иш-чара өткөрөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK