Кыргыз Республикасынын Президентинин тоолор боюнча Атайын кичи элчиси Нью-Йорк шаарындагы бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилиги жана тоолуу өлкөлөрдүн БУУдагы туруктуу өкүлчүлүктөрү менен жолукту

1604

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү иш-аракеттеринин беш жылдыгын» ишке ашыруу боюнча Атайын кичи элчиси Нурлан Айтмурзаев Нью-Йорк шаарына болгон иш-сапарынын алкагында ЭКОСОКтун регионалдык комиссияларынын Нью-Йорк шаарындагы бөлүмүнүн Директору Роза Маланго, БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча Регионалдык директору Мирьяна Сполярич Эггер, ошондой эле Андорра, Непал, Австрия, Швейцария, Франциянын Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы туруктуу өкүлчүлүктөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Атайын кичи элчи «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү иш-аракеттеринин беш жылдыгынын» концепциясы жөнүндө маалымдап, анын алкагында тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган бир катар демилгелердин ишке ашырылуусу пландаштырылып жаткандыгын кабарлады. Ушуга байланыштуу, ЭКОСОКтун регионалдык комиссияларынын Нью-Йорктогу бөлүмүнө жана БУУӨПкө кыргыз тараптын сунуштарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Тоолуу өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрүн 2023-2027-жылдарды «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү иш-аракеттеринин беш жылдыгы» деп жарыялоо жөнүндөгү БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын резолюциясынын долбоорун илгерилетүү боюнча иштерди биргеликте алып барууга чакырды.

Маектештер өз кезегинде тоо күн тартиби боюнча Кыргызстандын демилгелерин карап чыгууга даяр экенин билдиришип, аларды биргеликте аткаруу боюнча өздөрүнүн сунуштарын киргизишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK