Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева ЭСКАТОнун Аткаруучу катчысы Армида Алишахбана менен жолугушту

1753

2022-жылы 12-июлда Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) Аткаруучу катчысы Армида Алишахбана менен жолугушту. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Азия-Тынч океан аймагындагы Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

А.Алишахбана ЭСКАТО менен Кыргызстандын кызматташтыгынын таза энергетика, статистика жана коомдук саламаттыкты сактоо сыяктуу артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Туруктуу өкүл өлкөнүн социалдык өнүктүрүү жана билим берүү, энергетика, гендердик саясат жаатында жүргүзүлүп жаткан иштери, ошондой эле өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы улуттук жана эл аралык демилгелери тууралуу маалымдады.

Тактап айтканда, ал Кыргызстан Париж келишиминин максаттарын жактай турганын жана климаттын өзгөрүшүн ооздуктоо боюнча кампанияга катышууга оң ниети бар экенин билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстан 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 44% кыскартуу жана 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугунун деңгээлинен ашуу милдетин алганын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK