2019-жылдын 11-июнунан тартып 13-июнуна чейин БУУнун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияга катышкан мамлекеттердин конференциясынын 12-сессиясы болуп өттү, бул сессияга Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев баштаган делегация келип катышты

3057

2019-жылдын 11-июнунан тартып 13-июнуна чейин БУУнун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияга катышкан мамлекеттердин конференциясынын 12-сессиясы болуп өттү, бул сессияга Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри  Улукбек Кочкоров жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев баштаган делегация келип катышты.

Сессиянын ачылышында БУУнун башкы катчысы Антонио Гуттериш бардык өлкөлөрдү майыптардын укуктарын коргоого чакырды, ал адамзатка БУУнун Уставында камтылган идеалдарга жакындоого мүмкүндүк берээрин айтып, ошол эле учурда майыптардын укугу үчүн күрөштө системалык ыкманын жок экенин баса белгилей кетти. Буга байланыштуу, ал, майыптарга ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу боюнча БУУнун Стратегиясынын ишке киргизилгенин жарыя кылды.

Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясына катышкан мамлекеттердин конференциясынын 12-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясы Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялангандыгы, Кыргыз Республикасы аталган конвенцияга толук кандуу катышуусуна өзгөчө маани берип жаткандыгы тууралуу айтып, конвенцияны ишке ашырууда жана ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга карата мамилелерди өзгөртүү үчүн чараларды көрүүгө багытталган конвенцияны ишке ашырууга активдүү катышууга жана анын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүгө, мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жарандык, маданий, экономикалык, саясий жана социалдык укуктарынын жүзөгө ашырылышына кепилдик берген жана тоскоолдуктарды четтетүүчү мыйзамдарды жана программаларды кабыл алуунун тиешелүү саясатын жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.

Конференцияга катышуу алкагында Кыргыз Республикасынын делегациясы Кыргыз Республикасынын Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө грамоталарды берүү салтанатына катышты жана БУУнун Башкы катчысынын орун басары Л.Чженьмин мырза менен жолугушту, анын жүрүшүндө тараптар экономикалык өнүктүрүү маселеси боюнча кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, социалдык туруктуулук системасын, өзгөчө жакырчылыкты жоюу жаатында иш  чараларды камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясына кошулуусуна, БУУнун көмөгү менен мониторингди камсыздоо жана аны натыйжалуу ишке ашыруу боюнча мындан аркы чараларга өзгөчө көңүл бурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK