2019-жылдын 19-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын пленардык отурумунда Кыргыз Республикасы жана Италия тарабынан сунушталган "Тоо аймактарынын туруктуу өнүгүүсү" аттуу резолюция кабыл алынды

5774

2019-жылдын 19-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын пленардык отурумунда Кыргыз Республикасы жана Италия тарабынан сунушталган "Тоо аймактарынын туруктуу өнүгүүсү" аттуу резолюция кабыл алынды. Резолюциянын авторлугуна ошондой эле 80 кошулду.

БУУнун Бакшы Ассамблеясындагы аталган резолюция кароо жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү М.Молдоисаева өз сөзүндө бул резолюция БУУнун мүчө мамлекеттеринин өзгөчөлүктүгүн жана муктаждыгын эске алып 2030-жылга мезгилге чейин туруктуу өнүктүрүү тармагындагы “эч кимди артта калтырбоо” принцибинин күн тартибинин ишке ашыруунун маанилүүлүгүн чагылдырып турат.

Туруктуу өкүл М.Молдоисаева бул резолюцияда тоо аймагындагы калктын тиешелүү деңгээлде турмушуна мөӊгүлөрдүн ээрип кетүүсүн, биологиялык ар түрдүүлүкдүн кыскарышын жана айлана-чөйрөнү бузууну токтотуу маанилү экендигин  баса белгиледи, анткени тоолуу аймактардын калкынын экономикалык ишмердүүлүгү тоо экосистемасынан көз каранды.

Резолюцияда тоо аймактарынын өнүгүүсүнө багытталган БУУнун мүчө-мамлекеттиринин ар кандай демилгелери да көрсөтүлгөн, мисалы Кыргыз Республикасынын демилгелери – 2003-жылы эл аралык Тоо күнүн кабыл алуу, 2002-жылы Тоо эл аралык жылы кабыл алуу, Нью-Йорк шаарында 2019-жылдын август айында “Тоо мамлекет достор группасын” уюштуруу, 2017-жылы Илбирсти жана анын экосистемасын сактоо Форумун өткөрүү, 2018-жылы үчүнчү Эл аралык көчмөндөр оюндарын өткөрүү жана 2018-жылы Эл аралык тоо форумун өткөрүү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK