Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кыргыз Республикасында иштеп жаткан россиялык компаниялардын жана ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушуусу жөнүндө

3299

Ушул жылдын 08-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.А.Казакбаевдин демилгеси менен Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Н.Н.Удовиченконун жана  РФнын Кыргыз Республикасындагы Соода Өкүлү В.С.Латыповдун катышуусунда, Кыргыз Республикасында иштеп жаткан бир катар россиялык компаниялардын жана ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушуусу болду.

Ошондой эле иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Ж.К.Сагынбаев, Ички иштер министрлигинин, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын башка компетенттүү органдарынын өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө министр Р.Казакбаев Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги достук, ишенимдүү, союздаштык мамилелерди, стратегиялык өнөктөштүктү жана туруктуу саясий диалогду белгиледи. "Биздин өлкөлөрдүн ортосунда бардык деңгээлдерде маанилүү саясий диалог түзүлдү, ар кандай тармактарда үзүрлүү кызматташтык, ошондой эле евразиялык интеграциянын алкагында өнөктөштүк өз ара аракеттенүү жүрүп жатат", - деп белгиледи КРнын Тышкы саясий ведомствосунун башчысы.

Тышкы саясий ведомствонун башчысы COVID-19 корновирус инфекциясынын өлкөнүн экономикасына тийгизген таасирин баса белгилеп, Россия Федерациясынын Өкмөтүнө жана Россиянын компанияларына аны жеңүүгө жардам бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Россиялык түз инвестициялар жана соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү маселелерине көңүл бурулду.

Министр Р.Казакбаев, Кыргыз Республикасындагы ички саясий кырдаалдын турукташуусун жана Россиянын ишканаларынын кызматкерлеринин коопсуздугун жана алардын мүлкүнүн сакталышын камсыз кылуу боюнча жаңы бийлик органдары тарабынан көрүлүп жаткан чараларды белгилеп, кыргыз тарабы Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу шарттарын жакшыртуу саясатын улантууга ниеттенип жаткандыгына ишендирди.

Мындан тышкары, мамлекеттик аппараттын бардык тармактарында толук реформаларды жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын жаңы Өкмөтүнүн пландарына көңүл бурулду. 

Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николай Удовиченко өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган жолугушуу үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындай иш-чара акыркы жылдарда биринчи жолу болуп жаткандыгын белгиледи. Н.Удовиченко россия ишкердигинин КРнын экономикасындагы ролу жана салымын белгилеп кетти, жана өлкөдө ишкердик климаттын жакшырышына ишенимин билдирүү менен, КРнын аймагында иштеп жаткан россиялык компаниялар жана ишканалар Кыргызстанда болуп жаткан саясий окуяларга карата сергек жана кылдат мамиле кыларын баса белгилеп кетти. Россиялык дипломатиялык миссиянын башчысы соода-экономикалык чөйрөдө кыргыз-россиялык кызматташуусун өстүрүү багытында 500 миллион уставдык капиталы менен Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун ролу жана маанисин өзгөчө баса белгилеп кетти.

КРнын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Ж.Сагынбаев, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун Башкармалыгынын Төрагасы Н.Т.Мамытов сүйлөшүп кыргыз-россия стратегиялык өнөктөштүктүн артыкчылыгын белгилешти жана кызыкдар тараптардын мындан аркы тыгыз аракеттенүүсүн маанилүүлүгү тууралуу маселени эскертип өтүштү.

Расмий жактардын сөздөрүнөн кийин РФнын компаниялардын жана ассоциациялардын өкүлдөрү конструктивдүү пикир алмашышты, өз ара суроолоруна жооп алышты, ошондой эле COVID-19 илдетинен улам жана саясий туруксуздуктан келип чыккан экономикалык кедергилердин алкагында ишкердикти жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттары түзүү боюнча өз каалоолорун билдиришти (белгилүү убактарга КРнын фискалдык органдары тарабынан көп жолку текшерүүлөрдү кыскартуу же жоюу, сот бийлигинин, укук коргоо жана фискалдык органдардын ишин жакшыртуу ж.б.).  

Кыргыз тарабы өлкөдө мындан эки ай мурун болгон туруксуз абалдан айрым терс күчтөр учурдан пайдаланып, инвесторлордун мүлкүнө зыян келтирилген, алардын ишинде тоскоолдуктар түзүлгөн. Мында россиялык компаниялар да жабыр тартышкан.  

Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары КРнын ТИМнин түзүмүндө  чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, экспорт жана туризмди жана башка экономикалык дипломатия менен байланышкан башка милдеттерди алга жылдыруу боюнча КРнын тийиштүү мамлекеттик органдарына максималдуу көмөк көрсөтүү максатында Экономикалык дипломатия боюнча Департаменттин түзүлгөндүгү тууралуу маалымат алышты.

Ушуга байланыштуу, россиялык компанияларга КРнын ТИМнин Экономикалык дипломатия боюнча Департаменти менен тыгыз байланыш орнотуп, конкреттүү кайрылуулар жана аларды чечүү жолдорун издөө боюнча эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү сунушу айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө РФнын ишкердик чөйрөсү менен предметтик сүйлөшүүлөр болуп, анда көйгөйлүү маселелер, ошону менен бирге соода-экономикалык чөйрөдөгү кыргыз-россиялык кызматташуусун жакшыртуу, өз ара аракеттердин келечектүү багыттарын ишке ашыруу жана андан ары өнүктүрүү жана жалпы экономиканы өнүктүрүү үчүн КРнын мамлекеттик органдары менен ишкердик коомчулуктун өз ара мамилесин жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу боюнча сунуштар айтылды.  Тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү кыргыз-россиялык кызматташуусунун актуалдуу маселелерин чечүү жана алга жылдыруу үчүн мындай жолугушууларды уюштуруу практикасын улантуу тууралуу келишимге келишти.  

Жолугушуунун аягында Министр Р.Казакбаев россиялык ишкерлерге ачык диалог үчүн ыраазычылыгын билдирди, жаңы Өкмөт радикалдуу реформаларды, алардын ичинде чет өлкөлүк ак ниет ишкер жана инвесторду коргоого багытталган соода-экономикалык жана фискалдык багыттарга басым жасалган реформаларды ишке ашырууну планга койгону тууралуу белгилеп кетти.

Иш-чарада РФнын ишкердик чөйрөсүнүн 25 өкүлү, КРдагы РФнын Элчилигинин алдындагы соода маселелери боюнча Кеңешчи, КРнын аймагында иштеп жаткан тоо өнөр жай Гильдиясынын, жеңил өнөр жай, соода, тейлөө кызмат, коопсуздук жана укук тармактарынын өкүлдөрү катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK