Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кыргыз Республикасынын Бизнес Акыйкатчысы Робин Орд-Смитт менен жолугушуусу болуп өттү

4532

2020-жылдын 18-декабрында  Министр Руслан Казакбаев менен Кыргыз Республикасынын Бизнес Акыйкатчысы Робин Орд-Смиттин жолугушуусу болуп өттү. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Министр Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчы институтунун иштешинин маанилүүлүгүн белгилеп, күн тартибиндеги маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин аталган Институт менен тыгыз өз ара аракеттенүүсүнө даяр экендигин белгиледи.

КРнын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев бизнести жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, мүлктүк укуктарды коргоо жана кепилдик үчүн шарттарды түзүү, түз инвестицияларды тартуу өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн зарыл шарттар болуп эсептелерине өзгөчө басым жасады

Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ведомствосунун башчысы маектешин Россия Федерациясынын, Кытайдын, Түркиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын ишкерлери менен Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасынын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги, Кыргыз Республикасынын компетенттүү укук коргоо органдарынын жетекчилигинин жана өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн жолугушуулар жөнүндө маалымдады. Бул жолугушуулардын алкагында, кыргыз тарабы чет өлкөлүк ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоого жана коррупция менен кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын жаңы Өкмөтү ишмердүүлүктүн бардык тармактарында радикалдуу жана чечкиндүү реформаларды жүргүзүү, тактап айтканда, региондогу ишкерлер жана инвесторлор үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн даярдыгын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Кыргыз Республикасындагы ички саясий кырдаалды турукташтыруу жана жаңы бийлик органдары тарабынан чет өлкөлүк ишканалардын кызматкерлеринин коопсуздугун жана алардын мүлкүнүн сакталышын камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып жатып, кыргыз тарабы Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча шарттарды жакшыртуу саясатын жүргүзөт деп ишендирди. Мындан тышкары, мамлекеттик аппараттын бардык тармактарында кардиналдык реформаларды жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын жаңы Өкмөтүнүн пландарына көңүл бурулду.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, экспорттоону жана туризмди илгерилетүү жаатында, ошондой эле экономикалык дипломатияга байланышкан башка маселелер боюнча максималдуу жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүмүндө жаңы түзүлгөн экономикалык дипломатия департаменти жөнүндө бизнес-акыйкатчыга маалымат берилди.

Өз кезегинде, Бизнес Акыйкатчы Робин Орд-Смит Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, бул кызматка дайындалгандан бери мындай жолугушуу биринчи жолу болуп жаткандыгын белгиледи. Бизнес Акыйкатчы институтунун башчысы тышкы инвестицияларды тартууга жана чет элдик инвесторлорду коргоого көмөктөшүү боюнча Тышкы иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштин маанилүүлүгүн белгиледи.

Андан кийин, жолугушуунун жүрүшүндө Бизнес Акыйкатчы Институтунун өкүлдөрү менен олуттуу диалог болуп,  көйгөйлүү маселелер, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча бир катар сунуштар да айтылды.

Жолугушууга катышкан Бизнес Акыйкатчынын орун басарлары Нурлан Мусуралиев менен Сергей Пономарев, ошондой эле Министр Р.Казакбаевге Бизнес Акыйкатчы институтунун иши, мамлекеттик органдар менен болгон мамилелердеги бизнес түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн көйгөйлүү маселелери жөнүндө маалымат берип, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарын билдирди. Институттун өкүлдөрү бизнес коомчулуктан келип түшкөн кайрылуулардын сандык көрсөткүчтөрү жөнүндө дагы айтып өтүштү. 

Кыргыз Республикасында иштеп жаткан чет элдик инвесторлорду коргоо боюнча тутумдуу ишти уюштуруу максатында, жолугушууда бул жааттагы бир катар мыйзам актыларын модернизациялоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Министр Р.Казакбаев Робин Орд-Смитке жана Институттун өкүлдөрүнө ачык диалог үчүн ыраазычылык билдирип, Бизнес Акыйкатчы ишкерлер менен мамлекеттин ортосундагы "көпүрө" болушу керектигин, ал эми Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өз кезегинде керектүү жардамдарды берүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы белгилегендей, Бизнес Акыйкатчы чет өлкөлүк ишкерлер менен үзгүлтүксүз жолугушуп, кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса, аларды жоюу боюнча ыкчам иштерди жүргүзүп турушу керек.

Ошондой эле Робин Орд-Смиттин Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси болуп иштегендеги тажрыйбасын эске алып, Министр Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди активдештирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт деп ишенерин билдирди.

Жолугушуунун аягында тараптар кызматташтыктын актуалдуу маселелерин чечүү жана илгерилетүү үчүн мындай жолугушууларды уюштуруу тажрыйбасын улантууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK