Абу-Даби шаарында алгачкы жолу «Айтматовту окуу» иш-чарасы өттү

6506

2017-жылдын 29-ноябрь күнү, Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында Кыргыз маданиятынын жумалыгынын алкагында алгачкы жолу «Айтматовту окуу» иш-чарасы уюштурулду.

Иш-чара белгилүү «Abu Dhabi Multaqa» адабий клубунда БАЭдеги Кыргыз Республикасынын Элчилигинин демилгеси жана колдоосу менен өттү. Кече КРнын Атайын жана Толук Ыйгарымдуу Элчиси Ч.Эшимбековдун жана клубтун Президенти Асма Аль-Сыддык айымдын саламдашуу сөздөрү менен ачылды.

Өз сөзүндө Ч.Эшимбеков, «кыргыз элинин улуу гуманист-жазуучусу Ч.Айматовдун 90-жылдык мааракеси Кыргызстанда белгилениши алдында, бул маанилүү чыгармачылык кече эмираттык коомчулуктун катышуусу менен болуп жатканы өтө кубандырат» -деп белгиледи.

Ошондой эле клубтун мүчөлөрүнө өздөрүнүн жылуу сөздөрүн Кыргызстандан келген ардактуу коноктор – КРнын эл артисти жана кинорежиссер Бакыт Карагулов, КРнын Китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов жолдошту.

Өз кезегинде, адабий клубтун төрайымы Асма Аль-Сыддык айым, Элчиликке «эмираттык окурмандарына Айтматовдун уникалдуу дүйнөсүн ачып берүү мүмкүнчүлүгүнө» тереӊ ыраазычылыгын билдиришти.

Бул иш-чарага даярдануу алкагында «Abu Dhabi Multaqa» клубунун мүчөлөрү - атактуу чыгармачыл инсандар, коомдук ишмерлер, аалымдар, жазуучулар, Элчиликтин көмөгү менен Айтматовдун китептерин араб тилинде окуп таанышып чыгышты.

«Айтматовду окуу» кечесинде жазуучунун бай өмүр таржымалын, жана анын «Саманчынын жолу», «Жамийла», «Ак-Кеме», «Кызыл жоолук жал-жалым», «Бетме-бет» чыгармалары үстүндө абдан кызыктуу талкуу жүрдү. Асма Аль-Сыддык айым «кыргыз жазуучунун чыгармачылыгынын тереӊ мүнөзү, жаратылыштын жана каармандардын образдарын сүрөттөшү окурмандын жүрөгүнө жетээри анык» экендигин белгиледи.

Клубтун мүчөлөрү Айтматовдун китептерин окуп, өзгөчө аялзаттын көркүн ачкан Толгонай апа, Жамийла, Сейде жана Аселдин көркөм чагылдырылганы тууралуу жаркын ойлору жана сезимдери менен бөлүштү.

Эмираттык достор «Айтматовду окуу» иш-чарасын келээрки жылы мындан ары дагы улантуу каалоо-тилектерин билдирип кетишти.

Айта кетсек, жакында эле Кыргыз Маданият жумалыгынын алкагында, эмират коому кыргыз маданияты менен жакындан таанышып өтүштү. Айтсак, кыргыз элинин улуу «Манас» эпосунун аткаруусуна кулак төшөп, элдик күүлөрунө жана бийлерине күбө болушту. Ошондой эле Ч.Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган режиссер Б.Шамшиевдин «Ак-кеме» тасмасын көрүштү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK