Кыргыз Республикасында 23-август аза күтүү күнү деп жарыяланды.

1445

2022-жылдын 21-августунда Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол кырсыгынан Кыргыз Республикасынын он төрт жараны каза тапты.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-жылдын 23-августун Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыялады.
2022-жылдын 23-августунда саат 11:00дөн 17:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчилигинде көңүл айтуу китеби ачылат.
Көңүл айтууну Элчиликтин электрондук дарегине да жөнөтсө болот: kgembassy.uae@gmail.com.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK