Жээнбеков Абу-Даби шаарындагы курман болгон жоокерлердин Мемориалына гүлчамбар койду

4847

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 12-декабрда Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапарынын алкагында Абу-Даби шаарындагы курман болгон жокерлердин Мемориалына гүлчамбар койду.

Азем Ардактуу кароолдун ротасынын катышуусу менен аскердик оркестрдин коштоосунда өттү.

Президент Мекенинин алдында милдетин аткаруу учурунда курман болгон Эмираттын жоокерлери менен мамлекеттик кызматкерлерин эскерди, аскердик даңк залын көрүп чыкты жана ардактуу меймандар китебинде кол жазмасын калтырды.

«Wahat Al Karma» («Ар-намыс оазиси») Мемориалдык комплекси — бири-бирине таянып турган 31 панелден куралган архитектуралык композиция. Алардын ар биринин бетине курман болгон жокерлердин ысымдары жазылган. Ал улуттук биримдиктин жана ынтымактын баалуулуктарын көрсөтүп турат.

Булак: kabar.kg

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK