Жээнбеков БАЭнин компанияларын Кыргызстанга инвестиция кылууга чакырды

5249

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда, Бириккен Араб Эмираттарындагы расмий сапарынын алкагында БАЭдеги ири компаниялардын жана ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууга Абу-Даби жана Дубай шаарларынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү катышты.

Президент бүгүнкү күндө БАЭ Кыргызстандын ири соода-экономикалык өнөктөшү экенин белгиледи.

«Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилигинин тең салмактуу соода-экономикалык жана инвестициялык саясатынын натыйжасында учурда чет элдик инвесторлор Эмираттарга каражаттарды инвестициялоого умтулушат. Бул тажрыйба Кыргызстан үчүн үлгү болот», — деди Жээнбеков.

Президент белгилегендей, Кыргызстан менен Араб Эмираттарынын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү анча чоң эмес болгону менен, бул багытта чоӊ мүмкүнчүлүктөр жана биргелешип ишке ашыра турган ири дарамет бар.

«Биздин башкы максат — эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмүн көбөйтүү, Кыргызстанга араб инвестицияларын тартуу. Учурда инвесторлор кызыга турган чакан жана орто ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорубуз бар. Ошондой эле туризм тармагында да мүмкүнчүлүктөр арбын. Кыргызстан экологиялык жактан таза, органикалык продукцияларды экспорттоонун көлөмүн жогорулатууга даяр. Алар Араб Эмираттардын рынокторунда өз ордун табат деп ишенем», — деди ал.

Президент белгилегендей, кыргыз тарап инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү боюнча чоң иш-аракеттерди аткарды. Бизнести каттоо кыйла жөнөкөйлөшүп, ал үчүн үч күндөн ашык убакыт кетпейт. Бизнести негизсиз текшерүүлөр кыскарган, жаңы түзүлгөн ишканалар 3 жылга текшерүүдөн бошотулган. Кыргызстандагы салык чендер төмөн.

Ал дотациялык региондордо ачылып жаткан өнөр жай ишканалары киреше салыгы, сатуу салыгы, жер жана мүлк салыктарын төлөөдөн бошотулганын кошумчалады. Артыкчылыктардын катарында ал, электр энергиянын арзандыгын, технологиялык жабдууларды импорттоо алымдардан бошотулганын, эркин валюта режими болгонун, өлкөнүн ЕАЭБге мүчөлүгүн жана Евросоюздун ВСП+ статусуна ээ экендигин айтып өттү.

Жээнбеков жогорудагы шарттарды эске алып, ири компаниялардын өкүлдөрүн жана жетекчилерин Кыргызстандын экономикасынын ар кандай секторлоруна инвестиция кылууга чакырды жана мамлекеттик органдар тарабынан бардык шарттар түзүлөрүн белгиледи.

Жолугушууда Инвестицияларды алдыга жылдыруу жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктуу тармактары тууралуу презентация жасады. Ал өлкөдө инфраструктуралык жана башка долбоорлорду ишке ашыруунун артыкчылыктары жөнүндө айтып берип, суроолорго жооп берди.

Жыйынтыгында Жээнбеков Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн ачык экенин баса белгилеп, дагы бир жолу БАЭнин ишкерлик чөйрөсүнүн өкүлдөрүн каражаттарын Кыргызстанга инвестициялоого чакырды.

Булак: kabar.kg

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK