Элчи А.Жумабаев БАЭнин Вице-президенти, Премьер-министри жана Дубайдын башчысы шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумга Ишеним грамоталарын тапшырды

5850

2020-жылдын 13 февралында бир катар чет мамлекеттердин Бириккен Араб Эмираттарына дайындалган элчилери Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-президенти, Премьер-министри жана Дубайдын башчысы Улуу Даражалуу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумга ишеним грамоталарын расмий тапшырышты.

Тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдилатиф Жумабаев катышты.

Элчи А.Жумабаев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун атынан салам сөздөрүн жана өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелерин мындан ары өнүгүүсү тууралуу жылуу каалоолорун айтты.

Өзүнүн сөзүндө шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактум баардык элчилерди расмий дипломатиялык миссиянын башталышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалап кетти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK