Шайлоо боюнча маалымат

4704

Сиздердин шайлоо укугунуздарды ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчилигининде (№ 9051 УШК) шайлоо участогу бекитилди.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдө консулдук каттоодо турган жарандар тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.

Консулдук каттоодо турбаган жана биометрикалык маалыматтарын тапшарбаган шайлоочулар Элчиликтин дарегине, жума күндөн сырткары, ар күнү саат 9:00 – 20:00 чейин, (форма 2 боюнча) добуш берүү үчүн арыз менен кайрылууга укугу бар.

Каттоодон өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту, кызматтык же дипломатиялык паспорту болуусу зарыл.

Ошондой эле, арыз түшкөн учурда шайлоочуну Элчилик убактылуу консулдук каттоого туруу негизинде каттайт. Мындай каттоо шайлоочунун арызында көрсөтүлгөн мөөнөтекө ишке ашырылат. Бул иш чараны шайлоого чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбей аткаруу зарыл (19-сентябрга чейин).

Каттоого тургандыгы үчүн консулдук жыйым алынбайт.

Ошондой эле 16-июлдан тарта шайлоочулардын алдын ала тизмеси «Тизме» (tizme.gov.kg) порталында чыгарылгандыгын, ошондой эле 26-июлдан тартып таанышуу үчүн Элчиликте бекитилген шайлоо участогунда илинди.

Эгер кандай бир ката, так эместик табылса же шайлоочу өзүн алдын ала тизмеден таба албаса, ушул эле аралыкта (20-сентябрга чейин) Элчиликке № 1 формасындагы арыз менен кайрылусуу зарыл. Шайлоо участогунда, бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Добуш берүүгө 7 күн калганда шайлоо участогундаа акыркы тизме илинет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK