Элчи Ч.Эшимбеков БАЭнин Федералдык Улуттук Кеӊешинин биринчи Вице-спикери менен жолукту

6744

2018 жылдын 22 апрелинде, Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Бириккен Араб Эмираттарынын Федералдык Улуттук Кеӊешинин (парламентинин) биринчи Вице-Спикери Марван Ахмад бин Галита менен жолукту.

Жолугушуу учурунда, Кыргыз Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы өз ара парламенттик байланыштарын мындан ары бекемдөө жолдору тууралуу пикир алмашуу орун алды. Элчи Ч.Эшимбеков маектешине КРнын Жогорку Кеӊешинин парламенттик ишмердүүлүгү жөнүндө кеӊири маалымат берди. Тараптар Кыргызстан жана БАЭнин учурдагы өнүгүү жолунда улуттук парламенттеринин маанилүү ордун белгилеп кетишти.

Ошондой эле тараптар ар кандай багыттардагы, анын ичинде маданий-спорт иш-чаралар тармагындагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин козгошту. Андан сырткары, маек учурунда жакынкы убакта өтө турган белгилүү иш-чаралар, демилгелер, айтсак Кыргызстанда 2018-жылы өтө турган Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары жана БАЭде 2019-жылы боло турган футбол боюнча Азия чемпионаты талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK