Элчилик мекендештер менен биргеликте Нооруз майрамын белгиледи.

6821

2019-жылдын 28-мартында, Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын жарандары менен биргеликте Нооруз майрамы белгиленди. Иш-чарага Абу-Даби жана Дубайда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары катышты. Салтка айланган майрамдык иш-чарага карата биздин жарандарыбызга ак дасторкон жайылып, улуттук тамактары коюлуп, белектер менен сыйланган кызыктуу оюндар орун алды. Куттуктоо сөзү менен Кыргыз Республикасынын БАЭдеги Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчиси Ч.Эшимбеков сүйлөдү. Өз сөзүндө, Элчи жарандарды Нооруз майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалап өттү.

Мындай иш-чаралар алкагында, меймандар бири-бири менен жылуу маанайда жаӊылыктар менен бөлүшүп, пикир алмашты.

Элчилик жарандарыбызга иш-чарага активдүү катышып бергендери үчүн тереӊ ыраазычылык билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK