Кыргызстан «Arabian Travel Market 2019» Эл аралык туристтик жарманкесине катышууда

3840

Кыргызстандын туроператорлору 2019-жылдын 28 апрелинен 1 майына чейин Дубай эл аралык соода борборунда ѳтѳ турган «Arabian Travel Market 2019» Эл аралык туристтик жарманкесине катышууда. Катышууга даярдык иштер жергиликтүү туроператорлор менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти тарабынан Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчилиги жана Дубай шаарындагы Башкы консулдугу, ошондой эле Дубайдагы кыргыз диаспорасынын активдүү кѳмѳк кѳрсѳтүүсү менен уюштурулду.

Маалымат иретинде:Акыркы 25 жыл ичинде туризм ѳндүрүшү үчүн «Arabian Travel Market» Эл аралык туризм жарманкеси Глобалдык соода аянтчасы болуп калды. Жарманкенин алкагында 2.5 млдр.АКШ долларына барабар келишимдерге кол коюлат. Жарманкенин аянтчасында ар кайсы чет мамлекеттин 2800го жакын турпродукциясы кѳрсѳтүлѳт. Мааракени 39000 ашкан туркомпаниялар, ѳкмѳт делегациялары жана ММК ѳкүлдѳрү, интернет-блогерлер катышат. 2019-жылы Кыргызстандын делегациясына тѳмѳнкү туркомпаниялар кирди: «Ak-Sai Travel», «Dos tour Marco Polo», «Novi Nomad Travel», «Pilot Travel», «Red Rock», «Kyrgyz Concept», «Этно Комплекс Супара», «С.А.Т. Company», «Zakher travel» и «Hotel Sheraton».

“АТМ 2019” жарманкесине катышуу алкагында кыргыз делегациясы тарабынан Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктѳрү кеңири чагылдырылып жана кѳрсѳтүлүп жатат, жармаркенин катышуучуларына жана конокторго ѳлкѳ, анын маданияты тууралуу толук маалымат берилүүдѳ. Табигий кооз жаратылыш менен таанышууга, маданий жана ден-соолукту чындоого жана активдүү спортго багытталган уникалдуу туристтик сунуштар сунушталууда. Туристтик бренддер жана сунуштар араб чет элдик туристтик компаниялардын чоң кызыгуусун жаратууда. Азыркы маалда туристтик компаниялардын ортосунда кызматташтыкты орнотуу жана ѳнүктүрүү боюнча сүйлѳшүүлѳр орун алууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK