Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 28-жылдыгын белгилѳѳ

3488

2019-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Абу-Даби шаарындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 28  жылдыгына жана Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара орун алды.

Аталган иш-чаранын алкагында ​​Кыргыз Республикасынын тарыхы, адабияты жана ошондой эле мамлекеттик тилине байланыштуу ар кандай сынактар болуп өттү.

«Улуттук тамактарды мыкты даярдоо», «Эң сонун улуттук кийим» жана башка номинацияларынын алкагында баалуу белектерди тапшыруу менен бирге, катышуучулардын арасында, «Air Arabia» авиакомпаниясы жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын демилге тобу тарабынан сунушталган 3 башкы сыйлык да ойнотулду.

Ушуну менен, мамлекеттик тил, адабият жана эгемендүү Кыргыз Республикасынын тарыхына байланышкан сынактарынын жеңүүчүлѳрүнѳ тѳмѳнкү сыйлыктар ыйгарылды:

- «Шарджа-Бишкек-Шарджа» аба каттамы боюнча авиабилет;

- «Etihad Airways» авиакомпаниясынын учактары учкан дүйнѳнүн каалаган булуң бурчуна авиабилет;

- "Дубай-Бишкек" аба каттамы боюнча авиабилет.

Мындан тышкары, иш-чара, катышуучулардын арасында «Ордо» элдик оюнун өткөрүү, улуттук бийлерди аткаруу, комуз менен ойноо жана улуттук тамактарды тартылоо менен салтанаттуу маанайда коштолду.

Элчилик, аталган иш-чараны уюштурууга жана ѳткѳрүүгѳ кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына жана колдоо кѳрсѳткѳндүгү үчүн «Air Arabia» авиакомпаниясына терең ыраазычылыгын билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK