Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапар менен келди
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапар менен келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Президент Бириккен Араб Эмираттарына Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед Аль Нахаяндын чакыруусу менен барды.
Расмий сапардын алкагында, Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы жана БАЭнин вице-президенти, премьер-министри Мухаммед бин Рашид Аль Мактум менен эки тараптуу жолугушуу пландалган.
Мындан тышкары, БАЭнин соода-өнөр жай палатасынын, ири компаниялардын жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, Зайед Фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Амери жана БАЭде убактылуу жашап жаткан мекендештер менен жолугушуулар күтүлүүдө.
Булак:kabar.kg