Кыргызстандык бийчилер Дубайда өткөн турнирде биринчи орунду ээлешти
Кыргызстандык бийчилер Дубайда өткөн WDSF International Open taken place in Dubai-2019 Эл аралык бал бий турниринде алтын медаль тагынышты.
Турнир 15-декабрь күнү өтүп, иш-чарага дүйнөнүн 18 өлкөсүнөн келген 43 түгөй катышкан.
Кыргызстандык дуэт Артем Семеренко жана Валерия Качалко “Чоңдор Латина” категориясында чыгып, биринчи орунду багындырышкан.