Соода-экономикалык кызматташтык

Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы товар жүгүртүүсү 2017-жылдын жыйынтыгы менен 130 млн. АКШ долларын түзгөн, бул каражат 2015-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйгөн.

Кыргыз Республикасынан Беларус Республикасына автомобил менен тракторлорго керектүү жабдыктар (радиаторлор көбүрөөк), жаныбарлардан алынган азыктар, кургатылган мөмө-жемиштерди, жаӊгактарды, пахта буласын термикалык жактан сактоо материалдары импорттолот.

Ал эми беларус тараптан кыргыз тарапка импорттолгон товарлар:сүт азыктары, жүк автомобилдери, кант, тракторлор жана анын жабдыктары, айыл-чарба иштерине керектүү машиналар жана анын жабдыктары, эт азыктары, үй канаттууларынын азыктары, үй эмеректери жана үй жасалгалоолоруна тиешелүү жабдыктар импорттолот.