2018-жылдын 2-декабрында Элчи Кубанычбек Өмүралиев башында турган Кыргызстандын Белорусиядагы элчилиги жылына өтүүчү жаӊы жылдык кайрымдуулук жарманкесине катышты.

4121

2018-жылдын 2-декабрында Элчи Кубанычбек Өмүралиев башында турган Кыргызстандын Белорусиядагы элчилиги жылына өтүүчү жаӊы жылдык кайрымдуулук жарманкесине катышты.

Белорусияда аккредиттелген чет өлкөлүк элчилердин жубайларынан жана дипломаттардан турган Эл аралык элчилердин жубайлары клубу бул иш-чараны жылына салттуу түрдө уюштуруп келет.

Аталган кайрымдуулук иш-чарага Белорусиянын Тышкы иштер министринин жубайы Вера-Плякова-Макей катышып, чогулгандарды куттуктап сөз сүйлөдү.

Жарманкенин жүрүшүндө Элчиликтин кызматкерлери сувенирлерди, улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарын, улуттук тамак-аштарды сатууга коюп, сатуудан түшкөн каражатты кайрымдуулукка жардам катары беришти.

Иш-чаранын жыйынтыгы менен Кыргызстандын элчилиги кайрымдуулук жарманкеге активдүү катышкандыгы үчүн атайын Диплом менен сыйланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK