Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн фото-көргөзмө

3122

2021-жылдын 31-августунда Минск шаарындагы КМШнын Штаб-квартирасында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган иллюстративдик-китеп көргөзмөсү уюштурулду. Бул көргөзмө Кыргызстандын Белорустагы Элчилиги КМШнын Аткаруу Комитети менен биргеликте уюштурду.

         Тематикалык экспозицияда Кыргызстандын тарыхы, жаратылышы, жашоо-тиричилиги жана кооз жерлери тууралуу тартылган фото сүрөттөр коюлду.

         Көргөзмөнүн дагы бир бөлүгүнө адабий стенд уюштурулуп, анда Чыӊгыз Айтматов, Сооронбай Жусуева, Насирдин Байтемировдун чыгармалары, арасында белорус тилине которулган китептер коюлду. Мындан тышкары китеп экспозициясында дүйнөдөгү эӊ чоӊ эпос – «Манас»,  «Семетей», Сейтек»  трилогиясы кошо коюлду. Ал эми азыркы Кыргызстандын жетишкендиктери тууралуу сүрөттөгөн видеоролик көргөзмөнүн кошумча экспонаты катары тартууланды.

  • Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдык майрамына карата КМШнын Аткаруу комитетиндеги өткөрүлгөн фото-көргөзмө

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK