Онлайн жолугушуу

3152

Коронавирус илдетинин дүйнөдө таралышына байланыштуу, ошондой эле латвиялык тарабынан киргизилген чектөөлөрүн эске алуу менен бирге, 2021-жылдын 11-октябрында резиденциясы Минск шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Латвия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.Ибраимов Латвия Республикасынын Сеймдин Вице-спикери Дагмара Бейтнере-Ле Галла менен онлайн жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташуусунун алкагында, ошондой эле парламенттер аралык достук тобунун башчыларынын деңгээлинде өз ара визиттерди жана эки тараптуу күн тартибиндеги эки өлкөнүн кызматташтыгынын бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты.

Кыргыз тарабы үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Европа Биримдиги–Борбордук Азия Биринчи экономикалык форумга катышуу үчүн Латвиядан олуттуу расмий жана бизнес делегациясын күтүүдө.

Ушул жылдын 28-ноябрындагы боло турган КР ЖК Парламенттик шайлоолорго байланыштуу Латвия Республикасынын Сеймдин Вице-спикери Дагмара Бейтнере-Ле Галла тынч кырдаалда өтүүсүнө, андан ары КР ЖК жаңы курамы менен жемиштүү кызматташтыкка ишеним билдирди. Ошону менен бирге, 2022-жылы Латвиянын Сеймине парламенттик шайлоо болот деп белгилеп кетти.

  • Резиденциясы Минск шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Латвия Республикасындагы Элчиси Э.Ибраимовдун Латвия Республикасынын Сеймдин Вице-спикери Дагмара Бейтнере-Ле Галла менен онлайн жолугушуусунун жыйынтыгы
  • Резиденциясы Минск шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Латвия Республикасындагы Элчиси Э.Ибраимовдун Латвия Республикасынын Сеймдин Вице-спикери Дагмара Бейтнере-Ле Галла менен онлайн жолугушуусунун жыйынтыгы

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK