Митинг-реквием

2078

Минск шаарында, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 77 жылдык мааракесин майрамдоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Белорус Респубикасындагы Элчилиги менен Минск шаарынын Октябрь районунун Администрациясы биргелешип уюштурган Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин жаркын элесине арналган митинг-реквием болуп өттү.

Аталган салтанаттуу иш-чарага Элчиликтин жетекчилиги жана кызматкерлери, Октябрь районунун Администрациясынын жетекчилиги, ветерандар, Белорус Республикасынын Улуттук жыйынынын жана Республикалык Кеӊешинин депутаттары, Белорус Республикасындагы аккредиттелген чет өлкөлүк дипломатиялык миссиялардын башчылары жана өкүлдөрү, КМШнын Аткаруу комитетинин жетекчилиги жана өкүлдөрү, коомдук жана мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрү жана окуучулар катышты.

Митинг–реквием чыгармачыл топтор жана балдардын, ошондой эле «Жеӊишке чейин 30 күн» деп аталган акциянын коштоосунда өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Элчиси Эрмек Ибраимов ветерандарды майрамы менен куттуктап сөз сүйлөдү.

Элчи өз сөзүндө эркиндик менен көз карандысыздыкты жеӊип берген ветерандарга тереӊ таазимин билдирип, ал жеӊиш Кыргызстан менен Белорус элининин жалпы тарыхынын жаркын барактары болуп калганын белгиледи. Ошону менен бирге, Белорусиянын борборунда тургузулган кыргызстандык баатыр Жумаш Асаналиевдин эстелиги эки элдин достугу менен жакындыгынын символу экендигин кошумчалады.

Октябрь райондук ветерандар кеӊешинин Төрайымы Любовь Хвойницкая кыргызстандык баатыр Жумаш Асаналиевге арнап жазган ырын көркөм окуп, чыгармачыл топтор жана окуучулар баатырга арналган ырларды көркөм айтып беришти.

Аягында Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл кою аземи болуп, Октябрь районунун Администрациясы тарабынан ветерандарга сый тамак уюштурулду жана Элчилик тарабынан ветерандарга азык-түлүктөн түзүлгөн жардамы тапшырылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK