Минск шаарында Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин 100 жылдыгы белгиленди

241

Бүгүн, 10-майда Минск шаарында (Беларусь Республикасы) Улуу Ата Мекендик согушта Белоруссияда согушуп, "Багратион" чабуул операциясынын жүрүгшүндө баатырларча курман болгон Жумаш Асаналиевдин 100 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү.

Иш-чара Минск шаарынын Октябрь районундагы Ж.Асаналиев көчөсүндө жайгашкан Баатырдын эстелигинин алдында өттү. Митингге Белоруссия Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары И.В. Назарук, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.С. Ибраимов, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Г.И. Люботинский, КМШга мүчө-мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары, Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын депутаттары, КМШнын Аткаруу комитетинин жетекчилиги жана кызматкерлери, кыргыз диаспорасынын жана Минск шаарынын коомчулугунун өкүлдөрү катышышты.

Кыргызстандын Элчиси Эрмек Ибраимов өз сөзүндө: «Жоокердик эрдик көрсөтүп, душманга багынбай, Жумаш Асаналиев Мекенинин Баатырларынын даңктуу катарына өз ысымын түбөлүккө жазды! Алыскы кыргыздын тоолуу айылынан чыккан бул жигит бүгүнкү күндө жеңишке жеткен элдин бекемдигинин жана туруктуулугунун символдорунун бири!» -, деп белгиледи.

Иш-чарада белорусиялык мектеп окуучулары жана жаштары Баатырга арналган өз чыгармаларын жана өнөрлөрүн тартуулашты, ошондой эле Октябрь райондук билим берүү тармагынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Любовь Хвойницкая анын Жумаш Асаналиев жөнүндөгү поэмасын окуп берди.

Соңунда митинг-реквиемдин катышуучулары Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүлчамбарларды жана гүлдөрдү коюшту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK