Кыргыз Республикасынын жарандарына!!!
Урматтуу мекендештер,
2024-жылдын 21-мартында «Нооруз» улуттук майрамын белгилөөгө байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы №708 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчилиги 2024-жылдын 22-мартындагы дем алыш күнүн 2024-жылдын 8-апрелине жылдыруу менен 2024-жылдын 21-мартынан 24-мартына чейин иштебейт.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын назарына:
Консулдук кызматтарды алуу боюнча арыздарды жөнөтүү үчүн байланыш маалыматтарды Элчиликтин сайтынан https://mfa.gov.kg/ru/dm/belarus-ru шилтемеси аркылуу таба аласыз же арыз электрондук дарек боюнча: kgembassy.by@mfa.gov.kg жөнөтсөңүз болот.